Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

“Гринпис” футболдук матчты үзгүлтүккө учуратты


“Гринпис” экологиялык уюмунун активисттери футбол боюнча чемпиондор Лигасынын оюнун үзгүлтүккө учуратышты. Төрт активист Швейцариянын Базел шаарында жергиликтүү “Базел” жана германиялык “Шальке ” командаларынын оюну жүрүп жатканда стадиондун чатырына “Газпром, Арктиканы булгаба” деген плакатты илишкен. Активисттер акция “Шалькенин” демөөрчүсү саналган орусиялык “Газпром” компаниясына каршы багытталганын билдиришти. Бул аракеттен улам футболдук оюн 5 мүнөткө жакын үзгүлтүккө учурап, кайра улантылды.

30-сентябрда Орусиянын Мурманск портунда “Гринпистин” 30 активисти түшкөн "Арктик Санрайз" кемеси кармалган. Алар “Газпром” ишканасынын Арктикада мунай өндүрүшүнө каршылыгын билдирип, акция өткөрүшкөн. Орусия аларды каракчылык боюнча жоопкерчиликке тартаарын билдирүүдө. Укук коргоочулар экологдорго тагылган айыптар негизсиз деп сындашууда.

XS
SM
MD
LG