Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Израил Ирандын өзөктүк программасына каршы


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өзү жалгыз күрөшсө да, Иранга өзөктүк курал өндүрүүгө жол бербей турганын айтып чыкты. Шейшембидеги Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына кайрылуусунда Нетаньяху Иранды өзөктүк курал өндүрүүдөн катуу санкциялар жана аскердик кийлигишүү токтото алаарын билдирди.

Ал Ирандын жаңы президенти Хасан Роуханинин өзгөрүүгө багытталган убадаларына ишенбей турганын билдирип, аны “кой терисин жамынган карышкыр” атады. Муну менен Израил премьер-министри Палестина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө кызыкдарлыгын белгилеп, бирок бул үчүн Палестина Израилдин эгемендигин таанышы керек деген шарт койду. Ал эми Ирандын БУУдагы өкүлү Нетаньяхунун айткандарын четке какты.

XS
SM
MD
LG