Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:21

Сууга чөккөндөр изделип жатат


Бишкек-Ош жолунун боюндагы Кара-Суу дарыясына бир жарым ай мурда агып кеткен эки кызды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

21-августта Бишкек-Ош жолунун 373-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын Капчыгай чегинде “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү машине жол боюндагы дарыяга түшүп кеткен. Ага айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгону айтылган. Кырсыктан бир адам жабыркап, жети киши каза болгон.

Дарыядан крандын жардамы менен машинени чыгаруу маалында анын ичинде калган төрт адамдын сөөгү сууга агып кеткен. Алардын экөө ошол эле күнү табылган. 3 жаштагы М.Миталипова менен 12 жаштагы Ж.Юсупжанованын сөөктөрү изделип жатат.

Издөө иштерин министрликтин 20 кызматкери жүргүзүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG