Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Ошто жаңы телеканал иштей баштады


Жеке менчик “Ош пирим” деген аталыштагы жаңы телеканалдын алгачкы маалыматтык берүүлөрү 1-октябрда обого чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” телеканалдын продюссери Сурма Шаршенбаева билдирди. Каналдын ээси ким экени жөнүндө маалыматтар айтыла элек.

Маалыматтык-маанайшат багыттагы жаңы телеканал Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында көрсөтүлөт. Буга чейин тесттик режимде Ошко көрсөтүлүп келген.

Учурда аймакта менчик деп эсептелген Башат ТВ, Ош ТВ телеканалдары иштейт. Андан сырткары коомдук ЭлТР жана "Ынтымак" телеканалдары обого чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG