Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Кербен: шаар депутаттары чукул жыйынга чогулат


Аксыда нааразылыкка чыккандардын талаптары боюнча Кербен шаардык кеңешинин депутаттары түштөн кийин чукул жыйынга чогулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксы районунун акиминин орунбасары Шайлообек Кубатбеков билдирди. Алар бүгүн митингге чыккан жергиликтүү тургундардын талаптарын карашат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шаардык кеңештин депутаттары түшкө жакын нааразылыкка чыккандарды кабыл алган. Митинг уюштуруучулары аларга Үңкүр-Тоо жайлоосун тез арада тактоо талабын коюшкан. Нааразылык акциясы түшкү убакытта токтоду.

Аталган аймак Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жайгашкан. Ал жерге
өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орнотушкан. Бул боюнча 30-сентябрда кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолугушту. Сүйлөшүү жүрүшүндө Өзбекстан бүгүн кечке чейин аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берген. (SE)

XS
SM
MD
LG