Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

Депутаттар акыйкатчыны шайлап жатышат


Жогорку Кеңеште ушул тапта Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо жүрүп жатат. Омбудсмендикке талапкерлиги коюлгандар парламенттин жыйындар залынан чыгарылды. Добуш берүүгө 3 урна коюлган.

Жогорку Кеңеште омбудсменди шайлоо боюнча түзүлгөн жаңы эсептөө комиссиясынын чечимине ылайык, биринчи турда 61ден көп добуш алган талапкер экинчи турга өтөт. Экинчи айлампада 51ден көп добуш алганы акыйкатчы болуп шайланат.

Акыйкатчылык орунга 49 талапкер ат салышууда. Мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун мыйзамсыз жумуштан бошодум деген жүйөө менен 16-сентябрдан бери ачкачылык кармоодо. Аны Батукаевдин түрмөдөн бошоп кетишине тиешеси бар деп, депутаттар июнь айында кызматтан алган. (SE\КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG