Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Көлбаевдин тобуна мүчө делгендер кармалды


Кылмыштуу топтун лидери аталган Камчы Көлбаевге иштеген жигиттердин бири Ошто кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Ал Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну. 30-сентябрь күнү кечинде шаар милициясынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жанынан ПМ-9 үлгүсүндөгү тапанча, октору менен табылган. Мурда адам өлтүрүү беренеси боюнча соттолгон.
Ошол эле күнү Оштон кылмыштуу топко мүчө делген 38 жаштагы Баткендин тургуну 3 грамм маңзат менен колго түшкөн. Чолпон-Атадан болсо ушундай эле шек менен 33 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын жанынан 5 грамм маңзат чыккан. Тергөө жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдө 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Быйылкы жылдын 8 айында алардын 89 мүчөсү колго түшкөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG