Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

АКШ президенти Малайзия менен Филиппинге барбайт


АКШ президенти Барак Обама бюджет кризисинен улам Түштүк-Чыгыш Азияга сапарын кыскартууда. Ишембиде ал аймактагы 4 өлкөнү кыдыра баштамак. Бирок Бруней жана Индонезияга гана токтомой болду. Ак үйдүн маалыматына ылайык, Малайзия жана Филиппинге президенттин ордуна мамлекеттик катчы Жон Керри барат.

АКШ Сенаты бюджет боюнча мунасага келе албагандыктан, кечээтен бери айрым мамлекеттик мекемелер ишин убактылуу токтотуп, жүз миңдеген киши акысыз өргүүгө жөнөтүлдү. Музей, театрлар, башка маданий жана туристтик жайлар жабык. Мындай жагдай 17 жылдан бери биринчи жолу болуп отурат.

Президент федералдык бюджетти финансылоону үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн республикалык партияны айыптады.

XS
SM
MD
LG