Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

АКШ менен Түштүк Корея стратегиялык келишим түздү


АКШ жана Түштүк Корея стратегиялык кызматташтык тууралуу жаңы келишим түзүштү. Документ Түндүк Кореянын ядролук амбицияларын басаңдатууну көздөйт. Стратегиялык макулдашууга бүгүн АКШнын коргоо министри Чак Хэйгелдин Сеулдагы сапары маалында кол коюлду.

Пентагондун башчысы АКШ Түштүк Кореяга аскерий жардам берүүнү уланта берээрин айтты. Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Гван Жин менен жолугушууда ошондой эле Сеулдун өтүнүчү талкууланды.

Түндүк Корея менен согуш тутанып кетсе, түштүк кореялык аскерлер америкалык командачылыктын кол астында кала бермекчи. Ыйгарымдарды бөлүштүрүү боюнча андай тартип 2015-жылга чейин сакталат.

XS
SM
MD
LG