Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Италияда өкмөткө ишеним көрсөтүү маселеси каралууда


Италиянын парламенти башкаруудагы коалицияга ишеним көрсөтүп-көрсөтпөө маселесин колго салганы жатат. Силвио Берлускони өз партиясынын министрлерин өкмөттөн кетүүгө үндөгөндөн кийин премьер-министр Энрико Леттанын өкмөтү кризиске учурады. Бирок Берлускони партиясынын айрым депутаттары азыркы премьерди колдошоорун айтып чыгышты.

Өкмөттү 4 жолу башкарган Берлускони августта салык төлөбөө үчүн айыпталгандан бери башкаруудагы коалицияда араздашуу күчөдү. Экс-премьер Летта “соттун колу менен анын саясий карьерасын өлтүрүп жатат” деп айыптоодо.

Февралдагы парламенттик шайлоо жыйынтыксыз аяктагандан кийин партиялар ортосундагы сүйлөшүүлөр 2 айга созулуп, бирок натыйжа алып келген эмес. Өлкөнү саясий туңгуюктан чыгаруу үчүн апрелде коалиция түзүлгөн. Евро мейкиндиктин 3 ири мүчөсү Экинчи дүйнөлүк согуштан берки олуттуу экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG