Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Исановдун эстелиги тургузулат


Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы Насирдин Исановдун эстелиги өзү автокырсыкка учурап, курман болгон жерге ушул айда орнотулат. Ал жер Ноокен районунун Бүргөндү айылы. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Айкелди орнотууга айылдан эки жарым сотук жер берилди. Каражатты облустук бийлик жумшайт.

Насирдин Исанов 1991-жылдын январында Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалган. Ошол жылдын ноябрында Бишкек - Ош жолунда автокырсыкта мерт кеткен. Тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. (SE)

XS
SM
MD
LG