Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Акыйкатчы шайлоо: экинчи айлампага Сасыкбаева жана Аманбаев чыкты


Жогорку Кеңештин акыйкатчы шайлоо боюнча 1-турунун жыйынтыгында Асия Сасыкбаева жана Бакыт Аманбаев экинчи айлампага чыкты. Анда Сасыкбаевага 69 депутат, Аманбаев үчүн 65 депутат добуш берген. Калган 47 талапкер экинчи айлампа үчүн жетиштүү 61 добушту ала алган жок. Экинчи айлампада көпчүлүк добуш алган талапкер акыйкатчы болуп шайланат. Учурда экинчи айлампага даярдык жүрүүдө.

Асия Сасыкбаева “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңеш депутаты, Бакыт Аманбаев болсо журналист, буга чейин Жогорку Кеңештин маалымат кызматын жетектеген.

Акыйкатчылык үчүн сынак июнь айында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан бошотулган соң жарыяланган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG