Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Электр акысы азырынча кымбаттабайт


Энергетика министрлиги кыштан чыгууга Токтогулда суу жетиштүү жана техникалык даярдык жакшы экенин билдирди.

Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев айтып чыкты. Министр ошону менен катар электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча этаптуу иштер жүрүп жатканын да билдирди. Көз карандысыз эксперттер болсо керектүү суу да чогултулбаганын, техникалык абал да начар экенин, кышта жарык сөзсүз өчүрүлөрүн айтып жатышат.

Кыштын камы көрүлдүбү?

Жылуулук, отун, электр энергиясы менен камсыз кылуу жагынан кышка камылга ойдогудай жүрүп жатат. Кышта жарыкты кыдырата өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

- Азыр абал кандай? Биз жасалган жумуштардын майнабын көрүп баштадык. Энергетика системасы кышка өтө жогорку темпте, жогорку деңгээлде, жоопкерчиликтүү камданып жатат. Ушул жылдын биринчи жарымында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү боюнча маселе тынчсыздандырган. Анткени гидрометеорологиялык агенттик аба ырайы тууралуу маалыматты кооптуу бергенин билесиздер. Алар быйыл суу сактагычка былтыркынын 70 пайызында гана суу келет деген. Негизинен ошондой болду.

Ага карабай министр электр энергиясы аз экспорттолуп суу үнөмдөлгөнүн айтып, бардык жагынан камылга жакшы деп эсептейт. Быйыл болбосо да министрлик кийинки жылдары электр энергиясынын баасын көтөрүү маселесин алып чыкмакчы. 1 кВт саатынын өздүк наркы 1 сом 24 тыйын болгон электр энергиясынын азыр калкка 70 тыйындан сатылып жатышы тармакта каржы тартыштыгын жаратууда.

Министрликтин маалыматында, калктын жарыкты көп колдонгон 20 пайызына бааны көтөрүү менен гана дефицит жок болмок. Министрликтин тариф боюнча департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Миргүл Айдарова жасалган анализдери тууралуу айтып берди:

- Электр энергиясынын өздүк баасы менен сатылган баасынын айырмасы дефицит болуп жатпайбы. Дефицитти жапканга 3 жыл керек экен. Инфляцияны эске алып жана калктын 20 пайызы жок дегенде электр энергиясынын өздүк баасы менен 3 жыл ичинде төлөгөндөн кийин гана каражат таңкыстыгы калыбына келет. Андан кийин гана пайда көрө баштаса болот. Бирок булар азыркы анализдер гана, учурда “баа көтөрүлөт” деген сөз жок. Бааны дароо көтөргөндө элге кымбат болуп кетет. Азыр 2010-жылды улам эске салып жатышпайбы.

Жарык өчпөйбү?

Ал эми газ боюнча, 500 миллион куб метр газ үчүн адаттагыдай Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандын газ тармагы толугу менен Орусияга сатылгандыктан эки өлкөдөн газды алып келүү маселеси “Газпром” компаниясы менен биргеликте чечилет.

Бишкекти жылытуу боюнча пландалган 850 миң тонна көмүрдүн азыр 233 миң тоннасы гана келген. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаров бул убакытта 200 миң тоннадан ашык келиши жакшы көрсөткүч дейт.

- Азыр кеч болуп калган жок. Сезон кышы менен боло берет. 850 миң тоннанын баары келип бүтөт. Тиешелүү компаниялар менен келишимдер түзүлгөн. Кышы бою келе берет.

“Кыргызстан улуттук электр станциялар тармагы” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Карыпбек Алымкулов быйыл кышка камылга чындап эле жылдагыдан дурус болуп жатат деген пикирде:

– Бөлүштүрүү компаниялары кубаттуулугу аз көмөк чордондорун кубаттууларына алмаштырып жатышат. Токтогул суу сактагычындагы азыркы суунун көлөмү менен жетиштүү эле электр энергиясы иштелип чыгат. Бирок албетте, ким болбосун “жакшы же жаман болот” деп кесе айтыш кыйын. Мисалы, кескин түрдө суук болуп кетсе, элдин көбү электр энергиясы менен жылынууга өтөт. Ал 10 градуста эле башталып жүрбөйбү. Аларды да түшүнсө болот. Бул учурда бөлүштүрүү компанияларында гана маселе жаралып калышы ыктымал. Бир көмөк чордону күйсө, бир конуш жарыксыз отуруп калат.

Ал эми көз карандысыз эксперт Расул Үмбөталиев быйыл кышында жарык авариядан да өчөт, атайын да чектелет дейт. Анын ою боюнча, Токтогул суу сактагычындагы суу жетишсиз жана быйыл эффективдүү иштетилген жок. Ошондой эле техникалык жактан да эч кандай оңдоп-түзөө болгон эмес:

- Токтогул суу сактагычында 17 миллиард метр куб сууну чогултушубуз керек эле, бирок азыр андай болгон жок. 2010-жылы 1-октябрга карата 19 миллиард 500 миллион метр куб суу топтолгон. Ошол 3 жыл ичинде мына 4 миллиардга азайып калды, анткени сууну туура эмес пайдаланып жатабыз. Ал эми бөлүштүрүү компаниялары жайында линияларды тартып, дарактарды кесүү менен гана алектенди. Былтыр өчүп жүргөн проблемалуу көмөк чордондору алмаштырылган жок.

Синоптиктер быйыл кыштын эрте түшөөрүн билдиришти. Кыргызстанда жыл сайын жарыктын кыдырата өчүрүлүшү көндүм көрүнүш. Энергетиктер бүт тармактын эскирип бүткөнүн жана электр баасы арзан болгону үчүн системаны түп-тамырынан жаңыртуу мүмкүн эместигин айтып келишет. Ошондой эле бул Токтогул суу сактагычында топтолгон сууга көз каранды. 1-октябрга карата суу сактагычта 16 миллиард метр кубга жетпеген суу бар. Кыштан чыккандан кийин, 1-апрелге карата 9 миллиард метр куб суу калары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG