Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Индонезияда тазалык саммити өтүүдө


Индонезияда дааратканалар гигиенасы боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Жыйын санитардык тазалыкка көңүл бурууну көздөгөн эл аралык бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган.

Анын катышуучулары даараткана тазалыгы, аларды оңдоп-түзөө иштери, жасалгасы өңдүү маселелерди талкуулашмакчы. Уюм 19-ноябрды Дүйнөлүк даараткана күнү деп жарыялаган. Дүйнөдө 2 миллиарддай кишинин заманбап санитардык жабдыктар менен пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок.

БУУнун маалыматына ылайык, санитардык шарттар сакталбагандыктан дүйнөдө жылына 1 миллиондой наристе ар кандай оорулардан көз жумат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG