Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Үңкүр-Тоодон чек арачылар чыгарылды


Үңкүр-Тоонун Кербен шаары тараптан көрүнүшү. (Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)
Үңкүр-Тоонун Кербен шаары тараптан көрүнүшү. (Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)

Аксынын кыргыз-өзбек чегиндеги Үңкүр-Тоо жайлоосунан Өзбекстандын чек арачылары чыгып кетти.

2-октябрда түштөн кийин аталган тоодон Өзбекстандын да, Кыргызстандын да чек арачылары чыгып кеткени кабарланды. Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосуна өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орноткон. Андан соң ал жерге кыргыз аскерлери да барып жайгашкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция бар.

Эки өлкө тең чек арачыларын чыгарды

Шаршемби күнү түштөн кийин өзбекстандык чек арачылар Аксы районундагы Үңкүр-Тоого 20-сентябрда орноткон бекетин алышты. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчыларынын 30-сентябрдагы жолугушуусундагы тыянакка ылайык болгон.

Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Райымберди Дүйшөмбиев 2-октябрда Бишкектеги маалымат жыйынында журналисттерге буларды билдирди.

- 30-сентябрда Ош облусундагы Достук чек ара өткөрүү бекетиндеги сүйлөшүүнүн негизинде, бүгүн, 2-октябрда саат 15:50дө Үңкүр-Тоонун тегерегинде турган кыргыз тараптын да, өзбек тараптын чек арачылары чыгарылды. Үңкүр-Тоодогу телемунара жайгашкан станцияда иштегендер, аны көзмөлдөгөндөр ал жерге эч кандай тоскоолдусуз кирип чыга алат.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосуна өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орнотушкан. Андан соң кыргыз аскерлери да барып жайгашкан. Үңкүр-Тоодо Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция бар. Бул жер аныкталбаган чек ара тилкеси катары эсептелет. Бирок Аксы районунун тургундары ал жерди кыргызстандыкы деп билет.

Чек ара кызматынын маалымат жыйынында билдиргенине караганда, ошондой эле 2-октябрда буга чейин эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан кармалган жана кылмыш иши козголгон адамдарды алмашуу да жүргөн. Райымберди Дүйшөмбиевдин айтышынча, Кыргызстандын эки, ал эми Өзбекстандын үч жараны алмашылды.

- Буга чейин кыргыз тарапта да, өзбек тарапта да эки өлкөнүн кармалган жарандары бар болчу. Ошолорду алмаштырдык. Өзбекстандын 3 жараны 14-сентябрда Кыргызстанда кармалган, ал эми Кыргызстандын жарандарын мартта өзбек тарап кармаган.


Бишкек менен Аксыдагы нааразылык акциялары


Бирок алмашылган бул жарандар боюнча кеңири маалымат айтылган жок. Ал эми шаршемби күнү Аксы райондук акимчилигинин алдына 50дөй адам чогулуп, бийликке кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда Үңкүр-Тоо маселесин Кыргызстандын пайдасына чечүү, борбордук бийлик өкүлдөрү Аксыга келип, бул боюнча элге түшүндүрмө берсин деген талаптар бар. Ошондой эле алар “Аксы жергесин” коргоо деп аталган кыймыл түзүшкөнүн маалымдашты.

Ал эми Аксы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары Жанарбек Надырбеков кечки жетилерде “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өзбек чек арачылары Үңкүр-Тоодон кетип жатканын жергиликтүү малчылар көргөн.

- Өзбек чек арачылары кетти. Үңкүр-Тоого тушма-туш жайгашкан тоодо мал карап жүргөндөр дүрбү салып, өзбек чек арачылары тоо аркылуу түшүп баратканын көрүшкөн.

Ошондой эле шаршемби күнү Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинин алдында “Кыргыз чоролору” деген коомдук уюмдун он чакты өкүлү митингге чыгып, өзбек президенти Ислам Каримовдун атына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Үңкүр-Тоо аймагындагы өзбек чек арачыларын тез арада чыгарып кетүү жана мамлекеттер аралык достукту, ымаланы сактоо сунушу айтылган.

“Кыргыз чоролору” Каримовго кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00


Үңкүр-Тоо Аксы районунун борбору Кербен шаарынан 10 чакырымдан алысыраак түштүк тарапта жайгашкан. Үңкүр-Тоого тээ Совет заманында эле Кыргызстандын теле мунарасы жана станциясы жайгашкан. Ал Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна телерадио толкундарды таратып турат.

20-сентябрда Үңкүр-Тоого тик учак менен келген өзбек чек арачылары станциядагы кызматкерлерди бир сыйра текшерүүгө алып, Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга жакын жерге бекет орнотуп алышкан. Аксы районунун тургундары бийликтерге маселени тезинен чечүү талабын коюшкан болчу.

XS
SM
MD
LG