Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Соттор кеңеши судьялардын бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди


Кыргызстандын Соттор кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев жана Медербек Сатиевди кызматтан алуу сунушу боюнча түшүндүрмө берди. Соттор кеңеши Зулушев жана Сатиев “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кароодо бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин белгилеген.

Атап айтканда, аталган судьялар сот өкүмүн колго жазып, 5 күндөн соң ага өзгөртүүлөрдү киргизип, коомчулукка жарыялаган. Кеңеш мындай аракет мыйзамга каршы келерин эскертүүдө. Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев болсо оппозициячыл саясатчыларга актоо чечимин чыгарганы үчүн куугунтукка туш болуп жатканын айтышууда.

Ушул жылдын 17-июнунда Медербек Сатиев менен Курманкул Зулушев “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актоо чечимин чыгарган. Жогорку Сот болсо депутаттарды айыптуу деп таап, туура эмес чечим чыгарганы үчүн Зулушев менен Сатиевдин жоопкерчилигин Соттор кеңешине кароого сунуштаган. Өткөн аптада Кыргызстандын Соттор кеңеши аталган судьяларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу чечимин кабыл алды. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG