Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Обама республикачылар менен сүйлөшүүгө барбайт


АКШ президенти Барак Обама республикачылар Саламаттык сактоо тармагын каржылоо боюнча реформаны колдомоюнча алар менен эч бир шартта сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

CNBC агенттигине берген маегинде өлкөдөгү кырдаал үчүн Обама дагы бир жолу саясий каршылашы болгон республикачыларды "айыптуу" деп атады.

АКШда эки күндөн бери өкмөттү каржылоо токтоп турат. Буга Конгресстин эки палатасы улуттук бюджет боюнча бир пикирге келе албаганы себеп болду. Дүйшөмбүдөн тарта өлкөдө 800 миңдей кызматкер акы төлөнбөгөн өргүүгө чыкты. Эми бюджет боюнча талаш акыркы мөөнөт болгон 17-октябрга чейин чечилүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG