Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Акыйкатчыны шайлоо жүрүп жатат


Жогорку Кеңеште ушул тапта Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоонун экинчи туруна добуш берүү жүрүп жатат. Жогорку Кеңеште омбудсменди шайлоо боюнча түзүлгөн жаңы эсептөө комиссиясынын чечимине ылайык, бул айлампада депутаттардын көп добушун алгандар шайланат.

Парламенттин шаршембидеги жыйынында акыйкатчыны шайлоо чыр менен коштолуп, экинчи турдагы добуш берүүдө ашыкча бюллетендер колдонулганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары акыйкатчыны шайлоо комиссиясындагы өз мүчөлөрүн чакырып алган. Бүгүн эсептөө комиссиясынын курамы жаңыртылып, шайлоо башталды.

Добуш берүүнүн алгачкы турунда эң көп добуш топтоп, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева жана журналист Бакыт Аманбаев экинчи турга чыккан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG