Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Турсунбек Акун саламаттыгы начарлаганын айтууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Акун өзү кабарлады. Анын айтымында, өткөн түнү кан басымы кескин төмөндөп, тез жардам менен ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер андан ачкачылыкты токтотууну талап кылышкан. Бирок Акун андан баш тартып, бүгүн эртең менен Акыйкатчынын кеңсесине барып ачкачылыкты улантып жатканын билдирди.

Ал учурда Жогорку Кеңеште жүрүп жаткан акыйкатчынын шайлоосун тааныбай турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш криминалдык чөйрөнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген жүйөө менен июнь айында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул чечимди мыйзамсыз атаган Акун Жогорку Кеңешти сотко берип, бирок Бишкек шаардык соту анын арызын канааттандырган эмес. Буга нааразы болгон Акун 18 күндөн бери ачкачылык кармап турат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG