Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

Транзиттик борбордун жабылышы экономикага кыйынчылык жаратат


Бул тууралуу Эл аралык Валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча миссиясынын башчысы Кристиан Беддис билдирди. Анын айтымында,“Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборунун жабылышы кийинки жылдын бюджетине белгилүү деңгээлде кыйынчылык жаратат.

Бирок Беддис кыргыз өкмөтү мунун алдын-алуу үчүн салык саясатын бекемдөө аракетин көрүп жатканын, быйыл жыл аягына чейин алтын казып алууну өз деңгээлине чыгаруунун эсебинен 7 пайыздан ашык өнүгүү көрсөткүчү күтүлүп жатканын кошумчалады.

“Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик борбору аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. Быйыл 26-июнда Кыргызстан аны бир тараптуу денонсациялады. Эми Транзиттик борбор 2014-жылдын биринчи жарымында чыгарылышы керек.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG