Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы шайланды


Депутаттардын көпчүлүк добушу менен Бакытбек Аманбаев өлкөнүн жаңы акыйкатчысы болуп шайланды. Аманбаевди 102 депутаттын 52си колдоду. Ушул эле күнү жаңы акыйкатчы депутаттардын алдында ант берип, Акыйкатчы институтун жакшыртууга болгон аракетин, билимин жумшай турганын айтты. Экинчи турга өткөн экинчи талапкер депутат Асия Сасыкбаевага депутаттардын 45и добуш берген.

Бакытбек Аманбаев соңку учурда “Айыл деми” гезитинин баш редактору болуп иштеп келген. Буга чейин “Азаттыктын” кабарчысы, 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин КТРКнын рекламалык-коммерциялык бөлүмүнүн жетекчиси, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кыска мөөнөттө Ош мэри Мелис Мырзакматовдун орун басары, бир айдай Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы болуп иштеген. Парламенттик шайлоодо КСДП фракциясынын тизмесинде болгон. Президенттик шайлоодо Адахан Мадумаровду сүрөгөндөрдүн бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG