Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Түркмөнстан: кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө


Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү Ашхабад шаарындагы Көркөм өнөр музейинде өтүүдө. Түркмөн калкынын назарына жалпысынан 60 чакты живопись, скульптура жана графика багытындагы эмгектер коюлган.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев Түркмөнстандын “Алтын кылым” басылмасына айткандай, Ашхабаддагы көргөзмөгө Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына утурлай “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Жамиля” жана “Кыямат” чыгармаларын чагылдырган картиналар коюлду.

Көргөзмөгө белгилүү скульптор Бообек Арыков, маданиятка эмгек сиңирген ишмер жана суу боёк графикасынын устаты Темирбек Мусакеев да катышууда. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG