Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

АКШ өкмөтү үчүнчү күн акчасыз калууда


Американын президенти Барак Обама республикачылар менен АКШ өкмөтүнүн жабылуусуна алып келген бюджет маселеси боюнча кайрадан тил табышкан жок. Республикачылар жана Обаманын Демократиялык партиясы бири бирин күнөөлөп, орток пикирге келе алышкан жок. Бюджет бекилбегендиктен улам парктар, музейлер жана башка өкмөттүк мекемелерде иштеген жүз миңдеген жумушчулар ишин токтотту.

Конгресстин Эл өкүлдөр жыйынындагы республикачылардын лидери Эрик Кантор өз оюн мындайча ортого салды:

– Америкалыктардын көпчүлүгү биз сыяктуу эле өз каалаганына дайыма жетишпегенин билишет. Ошондуктан бул маселе боюнча дагы сүйлөшүү жүргүзүп, кызматташуу керек. Бирок президенттин жана Сенаттагы көпчүлүктүн республикачылар менен сүйлөшпөйбүз дегенин Америка эли каалабайт деп ойлойм.

Президент Обама АКШнын мамлекеттик карыз чегин 16.7 млрд. долларга көтөрүүгө макул болгонго чейин республикачылар менен сүйлөшүү жүргүзбөй турганын айтты. Карыз чеги көтөрүлбөсө, АКШ өз карыздарын төлөгөнгө кудуретсиз болуп, дефолтко учурашы ыктымал.

XS
SM
MD
LG