Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Жогорку Сот Алибаевди актады


Жогорку Сот Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаевди жана анын орун басары Базарбек Абдраимов менен башкармалыктын оперативдүү кызматкери Марс Зейналовду актаган Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттон кабарлашты.

Алибаев менен анын орун басары Абдраимов ири өлчөмдө маңзат ташып сатууга тиешеси бар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип, өткөн жылы жайында Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган болчу. Кийин алардын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Мындан бир айдан кийин эле Алибаев кайра кызматына келген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG