Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Дүйнөдөгү мыкты университеттер АКШ жана Британияда


Мындай тыянакка World University Rankings 200 университетте сурамжылоо өткөргөндөн кийин келди. Эң жогорку 13 орунду Американын жана Британиянын жогорку окуу жайлары ээледи.

АКШдагы 77 университет алдыңкы 200гө илинип, Калифорния технология университети дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жай деп экинчи ирет табылды. Англиядагы Оксфорд университети экинчи орунду ээледи. Бул тизмеге Британиянын 31 университети кирди.

Экономикалык кризиске байланыштуу инвестициянын аздыгынан Европанын университеттери алдыңкы орундарга кошулган жок. Орусиянын Москва мамлекеттик университети мыкты 200 университеттин тизмесине быйыл кирген жок. Бул тизмеге Кыргызстандын бир да жогорку окуу жайы илинген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG