Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Альтернативдүү түндүк-түштүк жолун куруу маселеси талкууланды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султановду кабыл алып, Ош - Баткен - Исфана, Бишкек - Торугарт, Түп - Кеген, Кубакы - Балыкчы жолдорундагы калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу сүйлөштү. Мындан сырткары өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирүүчү альтернативдүү жолду куруу маселеси да талкууланды.

Балыкчы - Жалал-Абад жолуна 700 миллиондой доллар керек экени айтылган. Долбоорго ылайык, жол Балыкчы - Кочкор - Чаек - Көкөмерен-Казарман - Жалал-Абад аркылуу өтөт. Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосу 748 чакырымды түзөт. Альтернативдүү жол курулса, узундук 300 чакырымга азаят. Альтернативдүү жолду куруу үчүн Кытайдан 400 млн. доллар насыя алуу тууралуу келишимге кол коюлган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG