Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Кумтөр боюнча талкуу кийинки аптага калды


Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду талкуулады. Депутаттардын өкмөт мүчөлөрүнө суроолору көп болгондуктан бүгүн талкуу бүтпөй калды.

Өкмөт өткөн апта сунуштаган меморандумга ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы.

Айрым депутаттар меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын айтышууда. "Ата Мекенден" депутат Эркин Алымбеков Кыргызстандын үлүшүн 65% көтөрүү маселесин карап көрүүнү сунуштады. Кийинки аптада өкмөт менен бирге эксперттердин пикири угулат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG