Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Жер ортолук деңизде 150 мигрант куткарылды


Жер ортолук деңизде Африканын Эритрея, Гана жана Сомали өлкөлөрүнөн 500 мигрантты ташып бараткан кеме кырсыкка учурап, акыркы маалыматтарга ылайык бери дегенде 92 адам сууга чөгүп кетти. Алардын 150сү куткарылып, 250сү азыр дайынсыз.

Ливиядан сапар алган кеме Италиянын түштүгүндөгү Лампедуза аралынын жанында кырсыкка учураган. Жээк көзөмөлдөө кызматынын басма сөз катчысы Марко Ди Милла кеме өрттүн айынан кырсыкка учураганы божомолдонууда деп кабарлады.

30-сентябрда да Италиянын Сицилия аралынын жанында кеме кырсыкка учурап, 13 мигрант каза тапкан. Лампедуза аралы аркылуу миңдеген африкалык мыйзамсыз мигранттар Евробиримдикке кирген өлкөлөргө келишет.

XS
SM
MD
LG