Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

МАИ реформасы ара жолдо


Жол-кайгуул кызматын реформалоо үзгүлтүккө учуроо коркунучунда.

Мындай билдирүүнү МАИ кызматкерлерин иргеп алуу боюнча аттестациялык комиссиянын айрым мүчөлөрү билдирип чыгышты.

Ушул жылдын февраль айында Жол-кайгуул кызматкерлерин конкурстук негизде иргеп алуу үчүн атайын аттестациялык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 14 киши кирип, анын бешөө жарандык коомдун өкүлдөрү эле.

Мына ушул комиссия буга чейин МАИ кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин, дене даярдыгын сынаганда кызматкерлердин жарымынан көбү конкурстан өтпөй калып, бир топ нааразычылыктар пайда болгон. Эми болсо МАИ кызматкерлерин аттестациялык комиссия эмес, ар бир аймакта түзүлгөн ИИМ өкүлдөрүнөн турган комиссия тандайт.

"Аймактык комиссиялар кайра эле кесиптик чеберчилиги начар, коррупциялык жол менен келчү кызматкерлерге жол ачат", - деген пикирин МАИ кызматкерлерин иргеп алуу боюнча аттестациялык комиссиянын мүчөсү Калича Умуралиева “Азаттыкка” билдирди.

- Биздин комиссиянын конкурсунда МАИ кызматкери болом дегендердин жарымынан көбү өтпөй калган. Конкурстан кулагандардын ичинде Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган талапкерлер да бар эле. Ошондон кийин эле аттестациялык комиссияны четке сүрүп, кызматкерлерди тандоону жергиликтүү ИИМ жетекчилеринин колуна өткөрүп беришти. Эми мурда конкурстан кулагандар деле акчанын күчү менен өтүп жатышат. Ставкасы 4 миң долларга жетиптир. Же биздин комиссияны жоюп жиберишпейт же тандоо укугун беришпейт.

Ички иштер министрлиги бул жагдай боюнча өзүнүн расмий сайтында түшүндүрмө жарыялап, келтирилген дооматтарды четке какты. Аталган министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов:

- Нормативдик-укуктук актыларга ылайык аттестациялык конкурсту комиссия аркылуу жергиликтүү ИИМ башчылары өткөрө алат. Мына ушуга ылайык облустук башкармалыктарда конкурстук комиссиялар иштеп жатат. Алар деле аттестациялык комиссия өткөргөн сынактарды уюштурушат. Бул жактагы комиссия алардын ишин координациялап турат.

Көңүл ооруткан орой мамиле

Аттестациялык комиссиянын дагы бир мүчөсү, укук коргоочу Динара Ошуракунова МАИ реформасы жакшы келатып эле эмнеге ара жолдо калганына түшүнбөйт. Анын айтымында, жер-жерлерде өң-тааныш, коррупциялык жолдор менен аттестациядан кулаган кызматкерлер эле кайра кызматка алынып жатат.

- Облустук, райондук ички иштер башчылары Жол-кайгуул кызматына өздөрүнүн гана жакындарын коюп жатышат. Алардын керек болсо кайгуул кызматы боюнча түшүнүктөрү да жок. Жер-жерлерден бизге чалып айтып жатышат. Жаңы гана конкурстук негизде таза тандоону баштадык эле, эми минтип кайра мурдагы таз кейпибизге түштүк.

ИИМдин басма сөз катчысы Жол-кайгуул кызматына кабыл алууда бир дагы коррупциялык көрүнүш катталбаганын айтып, укук коргоочулардын жүйөөсүн четке какты.

- Конкурстан өтпөй калгандар айласы кетип ушундай ушак сөздөрдү чыгарып, бизге жөн жерден жалаа жаап жатышат. Укук коргоочулардын коррупция боюнча далили болсо алып келишсин. Комиссияга салып, чоо-жайын иликтейбиз.

Жол-кайгуул кызматы аттестация боюнча эч кандай маалымат бере албай тургандыгын айтып, Ички иштер министрлигине шилтеме жасады.

Акыркы убактарда интернет айдыңында МАИ кызматкерлеринин шалаакылыгын жана алардын орой мамилесин ашкерелеген ар кандай материалдар кызуу талкуу жаратып келет.

Жарандык активист Айбек Баратов интернеттеги социалдык тармактар аркылуу Бишкектеги МАИ кызматкерлеринин осол жоруктарын сындаган билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап келет. Баратов МАИ тармагындагы кайсы реформа жөнүндө сөз болуп жатканына түшүнбөйт.

- Эгер биз Бишкекте катталып жаткан жол кыймылына байланыштуу башаламандыктардын баарын тасмага түшүрө турган болсок, Чодроновага окшогондор көп эле чыкмак. Күн сайын жүздөгөн жол эрежесин бузуулар катталат. Чодронова МАИ кызматкерлеринин чыныгы жүзүн көрсөткөн жаркын мисал болуп калды. МАИ тармагында реформа болуп жатат деп оозеки эле айтышат, бирок иш жүзүндө эч кандай натыйжа берген жок.

Өмүрбек Бабанов баштаган мурдагы өкмөт МАИ кызматын толугу менен жоюу идеясын көтөрүп, аягына чыкпай калган. Эми болсо минтип кызматтык талапка жооп бербей калган кызматкерлерден арылуу аракети да үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Социологиялык сурамжылоолор боюнча, МАИ эң коррупциялашкан тармактардын бирине кирет.
XS
SM
MD
LG