Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Түштүк Корея-Борбор Азия кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Түштүк Корея жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын 7 форуму башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Форумда Түштүк Кореянын Борбор Азия чөлкөмү менен экономикалык, соода жана маданий кызматташтыгынын маанилүү маселелери талкууланмакчы. Бул жолку форум Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тигүүчүлүк, темир жол жана токой чарба багытындагы алаканы өнүктүрүүгө арналат.

5 жылдан бери уюштурулуп келаткан форум алгач ирет Кыргызстанда өтүүдө. Форум алкагында Бишкектеги Улуттук китепканада корей маданиятынын борбору ачылып, корей тасмаларынын фестивалы уюштурулду.(BkA)

XS
SM
MD
LG