Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Сарык менен ооругандар көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин сарык оорулар боюнча адиси Султан Суранбаев кабарлады. Анын айтымында, былтыр сегиз айда сарыктын А түрүнө чалдыккандардын саны 6 миң болсо, быйыл 9 миңден ашкан. Алардын көбү өспүрүмдөр. Ооругандардын саны боюнча Ысык-Көл, Чүй, Баткен, Бишкек менен Ош шаарлары алдыда турат.

“Бул бала бакчаларда, мектептерде тийиштүү тазалыкты сактабагандыктан чыгууда. Суу ичүүчү жайлар менен камсыз болгон эмес”, - дейт Суранбаев. Кыргызстанда сарыкка эмдөө жасалбайт. Адистер эмдөө аркылуу бул ооруга чалдыккандардын санын азайтууга болорун белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG