Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Акун ачкачылыкты токтотту


Бул тууралуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн журналисттерге билдирди. Бирок ал Азиз Батукаев маселеси адилет териштирилип, анын эртелей абактан бошотулушуна тиешеси бар жетекчилер да кызматтан алынмайын Акыйкатчы институтунун имаратында болорун айтты. Ал эми иш кабинетин бошотуу маселеси боюнча дагы сүйлөшүү жүрөрүн кошумчалады.

Бир аз мурдараак жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Турсунбек Акун менен жеке жолугушуу үчүн Акыйкатчы институтуна барган. Жогорку Кеңеш бүгүн Бакыт Аманбаевди жаңы жамаатына тааныштырат деп айтылган эле. Бирок Аманбаев алгач Турсунбек Акун менен көзмө-көз сүйлөшүп көрүүнү чечкен.

Бакыт Аманбаевди 3-октябрда Жогорку Кеңеш акыйкатчылык кызматка бекиткен.
Акун өзүнүн мыйзамсыз бошотулганын айтып 19 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG