Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:18

Украинада Сталиндик респрессияда курман болгон кыргыздарга эстелик ачылат


Чаплинскинин борбордук мазарында орнотулган эскерткич такта

Чаплинскинин борбордук мазарында орнотулган эскерткич такта

4-октябрда Херсон облусунун Чаплинск районунда Сталиндик репрессия жылдары Украинага сүргүнгө айдалып, ал жакта сөөгү калган кыргыздарды эскерген эстелик ачылат. Бул совет бийлиги кезде эл душманы деп, жеринен айдалып, бөтөн жерде каза тапкан кыргыздарга арнап, Украинада тургузулган экинчи эстелик. Биринчиси өткөн аптада ушу эле Таврия жеринин Виноградово кыштагындагы “Кыргыз мазарга” орнотулган.

Райондун Христово кыштагынын четинде Сталиндик репрессия жылдары Украинага сүргүнгө айдалып, ал жакта сөөгү калган кыргыздарды эскерген гранит эстелик бетине: “Бул жерде 30-жылдардагы тоталитардык репрессиянын тушунда аты-жөнү белгисиз, ак кепиндеп көмүлбөгөн кыргызстандыктардын сөөгү жатат”, - деп чегилген.

Кыргызстандын элчиси Улугбек Чыналиев баш болгон Украиндагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Чаплинск райондук бийлигинин өкүлдөрү бүгүн эле Чаплинск кыштагынын борбордук мазарында эстелик тактайды ачып, гүл чамбарларды коюшат.

Мрамор тактайда: “XX кылымдын 30-жылдарындагы репрессияда айдалып келген жазыксыз кыргыздардын сөөгү көмүлгөндүгүн эскерткен эстелик мындан үч чакырым жерде орнотулган” деген жазуу кыргыз жана украин тилдеринде жазылган.

1930-жылдары совет бийлиги тарабынан жүздөгөн кыргызстандыктар “кулак”, “эл душманы” деп айыпталып, Украинага айдалган. Алардын бир тобу ошол жакта көз жумса, дагы жыйырмадай адам антисоветтик уюм түздү деген жалган жалаа менен атылып кетип, сөөгү Херсон жеринде калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG