Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленүүдө


Оштун 3013 жылдыгына карата бүгүн шаарда бир катар майрамдык, маданий спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Аймактык кабарчыбыз билдиргендей, учурда Навои көчөсүндөгү кабат-кабат көпүрөнүн курулушу башталууда. Ошондой эле бүгүн кечке чейин шаардагы бир катар социалдык объекттердин ачылыш аземдери болот.

Шаардагы сейил бактарда облустагы театрлардын балдар үчүн оюндары коюлуп, Сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөрдүн көчмө галереясы өтүп жатат. Кечинде болсо шаардагы стадиондо чоң майрамдык концерт уюштурулат.

Майрамдык иш-чараларга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. 2000-жылдын октябрь айында Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси белгиленген. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG