Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Замирбек Үсөнбаевди коргоо комитети түзүлдү


Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын мурдагы директору, Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаевди коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы Шамшыбек Медетбеков билдирди. Анын айтымында, бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген комитет Үсөнбаев кызматтан негизсиз бошотулду деп нааразы болуп, президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду.

Кайрылуу жолдогондор акыркы учурда маданият тармагындагы кадрдык дайындоолорго көңүл бурууну, өкмөттөн Замирбек Үсөнбаевди кызматтан алуу тууралуу буйрукту жокко чыгарууну өтүнүштү.

Филармонияны үч жылдан ашык жетектеген Замирбек Үсөнбаев кызматынан 2-октябрда бошотулган. Анын ордуна Кыргызбай Осмонов директор болуп дайындалган. Бирок Үсөнбаев кызматтан негизсиз бошотулганын айтып, мунун артында маданият министри Султан Раевдин кызыкчылыгы жатат деп билдирүүдө.

Маданият министрлиги өз кезегинде мыкты менеджер башкаруучу аркылуу филармониянын деңгээлин көтөрүү максатын көздөгөнүн жүйө тартууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG