Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Хаменеи Роухани менен айрым суроолор боюнча макул эмес


Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи ишемби күнү Ирандын президенти Хасан Роуханинин дипломатиялык аракеттерин колдогонун, бирок айрым суроолор боюнча кооптонуулары бар экенин билдирди. Бирок Аятолла Али Хаменеи кайсы суроолор тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Хаменеи Кошмо Штаттарга өнөктөш катары ишенбестигин кошумчалады. Хаменеинин пикиринде, АКШга ишенүүгө болбойт. "Себеби ал ар дайым өзүнө алган милдеттенмелерин бузат", - деди Аятолла.

Өткөн аптада Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани Батышты ынандырган бир катар билдирүүлөрдү жасап, телефон аркылуу АКШнын президенти Барак Обама менен сүйлөшкөн. Бул эки өлкөнүн лидерлеринин 1979-жылдан берки алгачкы түздөн-түз байланышы болду.

Роухани Башкы ассамблеяда да сөз сүйлөп, Холокостту тааныган. Ирандын буга чейинки президенти Махмуд Ахмадинежад Холокостту тааныбай келген. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG