Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Кыргыз авиациясына – 80 жыл


Алгачкы Ош – Мургаб каттамын ЯК–40 учагы аткарган, Тоолуу Бадахшан, Тажикстан, 1983-ж.
Алгачкы Ош – Мургаб каттамын ЯК–40 учагы аткарган, Тоолуу Бадахшан, Тажикстан, 1983-ж.
Кыргызстандын авиациясынын тарыхы бүгүн 7-октябрда туура 80 жыл мурда Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому менен башталган. Өкмөт 1994-жылы “7-октябрь – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү” деп бекиткен.

Кыргызстандын аймагына алгачкы жолу учакты финляндиялык Теодор Суопио кондурган. Ал Ю–13 учагын Бишкектин чок ортосуна 1927-жылы учуруп келген.

Өлкөдөгү эң биринчи аэропорт Бишкектин четиндеги Папеновка айылында 1933-жылы түптөлгөн. Айыл-чарба тармагын тейлөө үчүн үч У–2 учактары алгачкы кыргыз авиа бөлүмүнүн өзөгүн түзгөн.

Күңгөй Ала-Тоо жана Кыргыз Ала-Тоо кыркаларын биринчилерден болуп 1933-жылы Николай Иеске жана Евгений Балакши учуп өткөн. Алар У–2 учагы менен 3500 метр бийиктикти багындырган. Ошол эле жылы Бишкек – Балыкчы – Каракол жана Бишкек – Ташкент – Алматы каттамдары ачылган.

Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын Ишенбай Абдраимов 1966-жылы алган. Республикадагы авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкуч Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган. Ал өлкөнүн тоолуу аймактарына У–2, Ли–2 жана Ил–18 учактары менен алгачкылардан болуп жол салган.

Абдраимов тушунда санитардык авиация бөлүмү түзүлүп, Кыргызстанда аба майдан, учуп-конуу тилкелери, майда аэродромдор, айыл чарба жана спорттук тилкелер, аскерий аба майдандары жана тик учак конуучу аянтчалар болуп жалпысынан 86 авиа объект салынган. Абдраимов жарандык авиация боюнча эл аралык уюму ИКАОнун эң биринчи алтын медалын алган. Убагында кыргыз жарандык авиациясынын атагы дүйнөгө чыгып, көптөгөн чет элдиктер учурда Абдраимовдун наамын алып жүргөн авиация окуу жайында билим алган. (BAz)

XS
SM
MD
LG