Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

Бүгүн мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленүүдө


Октябрдын биринчи жекшембиси жыл сайын агартуучулардын кесиптик майрамы катары белгиленип келет. Республика боюнча улуттук филармониядагы расмий салтанатта аларды мамлекеттик жетекчилер куттукташты. Кечээ өткөн иш чарада жылдын мыкты мугалимдери тандалды. Биринчи орунду Каракол шаарындагы 4-мектептин мугалими Нүргүл Шарапова алып, “2013-жылдын мыктысы” аталды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 75 миңден ашык окутуучу бар. 14 окуучуга бир мугалим туура келет. Билим берүү министрлиги мугалимдер дале жетишсиз экенин айтып келет. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG