Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Жогорку Кеңеш Ош жана Бишкек шаарларынын макамын карайт


Келерки аптада Жогорку Кеңеш “Ош шаарынын статусу” жана “Бишкек шаарынын статусу” тууралуу мыйзам долбоорлорунун макулдашылган вариантын карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан бидиришти.

Жогорку Кеңеш “Ош шаарынын статусу” тууралуу ушул жылдын 27-июнунда кабыл алган мыйзамды августта президент артка кайтарган. Президент жаңы мыйзам жергиликтүү бийлик тууралуу мыйзамдын жана конституциянын айрым беренелерине каршы келерин айткан. Ал келтирген көпчүлүк карама-каршылыктардын ичинен мисалы, мэрди шайлоодо ар мыйзамда ар башка шарттар каралганын белгилеген. Президент мыйзамды кайра иштеп чыгууга жөнөтүп, Оштун мэрин шайлоонун принциптерин жана шаарды өнүктүрүү фондунун булагын да тактоону сунуштаган.

"Бишкек шаарынын статусу" да андан мурдараак парламентке кайтарылган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG