Парижде бүгүн 12-жолу өткөрүлүп жаткан искусство фестивалы ачылды. Бул фестиваль учурунда Париж уктабайт. Иш-чаралар көбүнчө Сенанын оң жээгинде өтүүдө. Фестивалга беш континенттин атактуу музыкант, сүрөтчү, скульпторлору катышып, метронун эки бутагы да түнү бою иштемекчи.