Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Арал орто мектебинин 60 жылдыгы белгиленди


Учурда Бүбүаида Кожоналиеванын атын алып жүргөн орто мектеп Жумгал районунун Арал айылында 1963-жылы курулуп, ишке берилген. Балдар бүгүнкү күнгө чейин ошол убакта курулган мектепте окушат. Мектептин мааракеси аны курган жана түптөгөн алгачкы жетекчиси, белгилүү педагог Сатаркул Асановду эскерүү менен кошо мугалимдердин күнүндө белгиленди.

Б. Кожоналиева атындагы орто мектепте 60 окуучу окуйт, 19 мугалим иштейт.

Өткөн жылы КР билим берүү министрлиги балдар аз окуган мектептерди жабуу демилгесин көтөргөн. Айрым адистер мындан тоо арасында эли аз айылдардын балдары окубай калуу коркунучу бар экенин айтып, каршы чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG