Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Ооганстанда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктады


Жекшембиде акыркы талапкерлер катталды. 16-ноябрда Көз карандысыз шайлоо комиссиясы шайлоого катышуучу талапкерлерди аныктоого тийиш. Мамлекет башчылыгына талапкерлигин койгондордун арасында Тышкы иштер министри Абдулла Абдулла, мурдагы министр Залмай Расул, мурунку каржы министрлери Ашраф Гани жана Анварул ак Ади, мурдагы коргоо министри Абдул Рахим Вардек бар. Ошондой эле азыркы президенти Хамид Карзайдын бир тууганы Кайум Карзай да өзүн мамлекет башчылыкка сынап көрүүнү чечкен. Булардан тышкары Ооганстандагы салафилердин лидери Абдул Расул Сайяф, Нангархар провинциясынын Ага Гюля Шерзай да президенттикке талапкерлигин коюшкан.
Мурдагы каржы министри Ашраф Гани ооган эли өзгөрүүнү күтүп жатат деп белгиледи:

-Ооганстандыктар өзгөрүүгө муктаж, бирок ал өтө акырындык менен туруктуу өзгөрүү болууга тийиш. Биз жасоочу ар бир кадам кийинки үч-төрт кадамга жол ачуучу болуусу керек. Биз бир кадам алдыга таштап, кайра артка үч кадам шилтөөгө жол бербөөгө тийишпиз.

Ооганстанда президенттик шайлоо келерки жылдын апрель айында болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG