Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Олимпиада оту Москвада өчүп күйдү


Атайын учак менен апкелинген отту Кызыл аянтка байкерлердин коштоосунда бир нече спортчулар жеткиришти. Кызыл аянттан старт алган Олимпиада оту 2014-жылдын 7-февралына чейин жалпы Орусияны кыдырат. Кремлдеги азем учурунда от өчүп калып, кыска убакытта кайра калыбына келтирилген. “Сочи 2014” деп аталган уюштуруу комитетинин президенти Дмитрий Чернышенко от клапандын жетиштүү ачылбаганынан улам өчкөнүн кийинчерээк Твиттерге жазды. Анын айтуусунда бул көп эле учуроочу көрүнүш.

2014-жылы Кышкы олимпиада оюндары Орусиянын Сочи шаарында болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG