Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Оштогу жарылуудан жаракат алгандардын абалы оор


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 6-октябрда кечки саат сегиздер чамасында Ош шаарындагы Батыш күзөт бөлүмүндө болгон жарылууга курал-жарак кампасында ширетүү үчүн колдонулуучу автоген баллону жарылып кеткени себеп болгон. Маалыматка ылайык, ширетүү иштери бүтүп, темир кескич менен ширетилген жерлерди тазалап жаткан убакта жарылуу болгон. Жарылуунун артынан өрт болуп, натыйжада ширетүүчү 55 жаштагы Розибай Якубов уулу 24 жаштагы Алишер Якубов менен кошо, ошондой эле Ош шаардык ИИБнин Батыш күзөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсү, милициянын улук лейтенанты 34 жаштагы Үсөн Тагаев жаракат алышкан. Алар жеткирилген Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Розибай Якубовдун денеси 90%, уулу Алишер Якубовдун денеси 95% күйүп калган. Ал эми милициянын улук лейтенанты Үсөн Тагаевдин бети-колу күйгөн.

Өрттүн себеби жана чыгымдар такталууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG