Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Каракол: Насыясын төлөй албай калгандар митингге чыкты


Ушу тапта Каракол шаарында нааразылык акциясы өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, өкмөт өкүлчүлүгүнүн алдында 50 чакты киши чогулуп турат. Алар - түрдүү банк жана микрокредиттик компаниялардан алган насыясын кайтарып бере албагандар. Митингчилер өкмөттөн жардам сурап, карызын төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү өтүнүп жатат. Кыргызстанда соңку мезгилде насыя алуу өтө жөнөкөйлөгөндүктөн чамасына карабай карыз алып, кийин төлөй албай, күрөөгө койгон үй-мүлкүнөн ажырап калгандар өтө көп болууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG