Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Жаңы акыйкатчы ишке киришти


Кыргызстандын жаңы шайланган акыйкатчысы Бакыт Аманбаев бүгүн расмий түрдө ишке киришти. Жамаатка аны Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Раатбек Эшмамбетов тааныштырды. Акыйкатчынын иш бөлмөсүн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ээлеп отургандыктан Бакыт Аманбаев башка бөлмөгө киргизилди. Акун Аманбаевди тааныштыруу жыйынына катышып, ага ийгилик каалады. Батукаев боюнча күнөөлүүлөр толук жазаланмайынча ошол жерде отура берээрин кошумчалады.

Бир нече оор кылмыш үчүн эркинен ажыраган Азиз Батукаев быйыл жазында түрмөдөн эрте бошонуп кеткенине байланыштырып парламент Турсунбек Акунду иштен алып койгон болчу. Ошондой эле башка аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо талабы өкмөткө коюлган. Бирок ал талап азырынча аткарыла элек. Бакыт Аманбаев жаңы акыйкатчы болуп өткөн бейшембиде шайланган. Анын айтымында, бул шайлоо таза өттү. (ZB/RK)
XS
SM
MD
LG