Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Юпигейт: Жекшенкулов КТРК менен УКМКны сотко берди


"Акыйкат" партиясынын лидери, оппозициялык саясатчы Аликбек Жекшенкулов Коомдук телерадиоканал (КТРК) менен Улуттук коопсуздук комитетин (УКМК) сотко берди. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" бүгүн кабарлады. Жекшенкулов эл оозунда "Юпигейт" деп аталып калган окуяга байланыштуу тасманын таратылышы үчүн КТРК менен УКМКны айыптап, өзү тууралуу айтылгандардын төгүндөлүшүн талап кылууда. Доо арыз Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна түштү.

3-сентябрда Коомдук телеканал Эрланбек Өмүралиев аттуу жарандын оппозиция мүчөлөрү 8-10-сентябрда өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен булгоону пландаганын айткан тасманы УКМКга шилтеме жасап көрсөткөн болчу. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG