Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Египеттеги соңку кагылышта 51 киши курман болду


Жекшемби күнү Египеттин коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президенти Мухаммед Мурсинин жактоочулары ортосундагы кагылышта кеминде 51 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болду.

Каирде коопсуздук күчтөрү Мурсинин тарапкерлерин борбордук Тахрир аянтына киргизбей койгондон улам чыккан тиреште 40 адамдын каны төгүлгөн. Ички иштер министрлиги өлкө боюнча 423 мурсичи камакка алынганын кабарланды. Аянтта армия колдогон убактылуу өкмөттү жактагандар 1973-жылкы Араб-Израил согушунун 40 жылдыгын белгилешти. Армия 3-июлда Мурсини кулаткандан бери аскерий башкарууга каршы башталган массалык көчө жүрүштөр маалында чыккан кагылыштарда жүздөгөн адамдар апаат болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG