Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Керри Сириянын кадамын “жакшы башталыш” деди


АКШ Мамкатчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы куралдуу калабаны Индонезиянын Бали аралындагы саммиттен тыш убакта талкуулашты. Керри жекшемби күнү башталган Сириянын химиялык куралдарын жок кылуу ишин “жакшы башталыш” деди. Бул президент Асад өткөн айда Керри-Лавров макулдашуусунда жетишилген шартты аткарганын күбөлөйт. Сириядагы согушка тынчтык сүйлөшүүсүндө чекит коюлуш керек экенин Керри баса белгиледи:

-Биз курал менен маселе жөндөлбөсүн кайра ырастадык. Биз Сирияда радикалчыл экстремисттер чоң макамга жетпесине же позициясы күчөбөсүнө кызыкдарбыз. Биз ошон үчүн Женева жараянын мүмкүн болушунча ылдам алга жылдыруу үчүн өзгөчө аракеттердин зарыл экенин тастыктадык.

Сергей Лавровдун билдиришинче, Асад Сириянын химиялык куралдарын жок кылуу боюнча Улуттар уюмунун чечимин аткаруусу үчүн Орусия “баарын жасайт".

XS
SM
MD
LG