Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Тажикстанда кол топтоо мөөнөтү үч күнгө узартылды


Тажикстанда президенттикке талапкерлердин кол топтоо мөөнөтү 7-октябрдан 10-октябрга дейре узартылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Абдурахман Додоевдин билдиришинче, мындай чечимди кабыл алууга коммунисттик, социалисттик жана демократтык партиялардын зарыл кол тамга топтогонго убакыт аз болууда деген арызы негиз болду.

6-октябрга жалгыз президент Эмомали Рахмон гана керектүү 210 миң колду топтоп тапшырган. Сентябрда оппозициячыл талапкер, Бирдиктүү реформачыл күчтөрдүн өкүлү Ойнихол Бобоназарова полицияны кол топтоп жүргөн тарапкерлеримди камакка алып, өнөктүктү үзгүлтүккө учуратты деп айыптаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG